Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик карызы учурда 4,7 миллиард доллар. Каржы министри Адылбек Касымалиевдин маалыматына караганда, бул көрсөткүч ички дүң продукциянын (ИДП) 55,8 пайызын түзөт. Өкмөт "мамлекеттик карыз алуунун чегин ИДПга карата 70 пайызга чейин" деп бекитүүнү сунуштап жатат. Аталган демилге колдоо тапса, алдыда дагы ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн чоң көлөмдөгү насыяларды алууга жол ачылат.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Карыздын дагы өсүшү өлкөбүздүн эгемендигине коркунуч жаратпайбы?" деген соболуна экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев жооп берди.
Сарыбаев карыздын көлөмүнүн өсүшүнөн коркпой, ал карызды эмнеге жумшадык, кайсы булактын негизинде кутулабыз деген маселени талкуулаш керек деген ойдо.
“Маселени билип-билбей талкуулаган туура эмес. Себеби азыркы парламент, өкмөт деле бюджет деген эмне, бюджетти кантип бекитет, кантип толуктайт, каякка жумшайт, жетишсиздигин кантип жабат деген көйгөйлөр менен баш оорутуп көргөн эмес. Алар мамлекеттик карызды саясатка айлантып алышты. Билген-билбегени деле мамлекет эгемендигин жоготот турбайбы, тоону, жерди алып коёт турбайбы дегенге чейин барышты. Бул маселени терең түшүнбөгөндүктүн белгиси. 70 пайыз эмес 170 пайызга жеткен өлкөлөр деле бар. Бирок кеп ошол карыз кантип пайда болду, кайда жумшадык, карыздан кайсы булак аркылуу кутулабыз деген маселеде.
Бүгүн чыга калып өкмөттү жакалабай, депутаттар ушул маселелерди бюджетти бекитип жатканда талкуулашы керек болчу. 70 пайыз дегенде эч коркунуч жок, тескерисинче, 70 пайыз көмүскө экономиканы жойсо, ошондон түшө турган салык 70 пайыз карызды толугу менен жоёт. Ал эми көмүскө экономиканын башында турган, казынага салык түшүрбөй отургандар - ошол 120 депутаттын өзү. Ар бир өлкөнүн тышкы карызын жаба турган жол - ошол ИДП жана анын ичиндеги салык. Эгерде ошол депутаттар экономиканын өсүшүнө салымын кошуп, өсүү темпти 4 пайыз эмес, 14 пайызга жеткирсе, 4 жылда эле карыздан кутулуп коёбуз”, - деди Сарыбаев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Жапаров, Эмил Токтошев, Эльвира Сурабалдиева, Төрөбай Зулпукаров жана эксперт Азамат Аттокуровдун пикири бул шилтемеде.