Кыргыз суучулу Денис Петрашов өспүрүмдөр арасындагы Олимпиада оюндарынын күмүш медалына татыды

Бүгүн, 9-октябрда Аргентинанын Буэнос-Айрес шаарында өтүп жаткан өспүрүмдөр арасындагы Олимпиада оюндарында кыргыз спортчусу күмүш медалга ээ болду. Анда мелдештин 2-күнүндө спорттун 24 түрүнөн мелдештер өткөн.

Сууда сүзүү боюнча мелдеште кыргыз спортчусу Денис Петрашов брасс стилинде 100 метр аралыктагы жарышка катышты. Финалда Петрашов 1 мүнөт 0,59 секунд жыйынтыгы менен 2-орунду ээледи. Муну менен ал Олимпиада оюндарынын күмүш медалына татыды.

Айта кетсек, өспүрүмдөр арасындагы Олимпиада оюндарына Кыргыз өлкөсүнөн 13 спортчу спорттун грек-рим күрөшү, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика, заманбап айкалышкан беш спорт, стритбол жана фехтование түрлөрү боюнча катышып жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aisha02
2018-10-09 08:31:31
Хасан Баудунов Фехтование боюнча коло медаль алды.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан