Аргентинанын Буэнос-Айрес шаарында өтүп жаткан өспүрүмдөр арасындагы Олимпиада оюндарында кыргыз спортчусу коло медаль тагынды.
Фехтование боюнча мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн Хасан Баудунов катышып, тайпалык баскычта күч сынашып баштаган. Тайпалык баскычта Баудунов жалпы 5 беттеш өткөрүп, алгач канадалык спортчудан 5:3 эсебинде жеңилсе, андан соң япониялык жана аргентиналык спортчуну утуп алганга үлгүрдү. 4-турда Баудунов орусиялык спортчу менен күч сынашып, 4:5 эсебинде ага жеңилди. 5-турда кыргыз спортчусу германиялык атаандашы менен кездешип, 5:2 эсебинде утуп алды. Бул жыйынтык менен Хасан Баудунов мелдештин чейрек финалына өттү.
Чейрек финалда Хасан Баудунов япониялык Сея Асамини 15:9 эсебинде утуп, жарым финалда германиялык Пауль Вельтруптан утулуп калды. Муну менен Баудунов коло медаль үчүн күрөшүп, анда Египеттин спортчусу Мохаммед Элсаидди 14:13 эсеби менен утту.
Бул жеңиш менен Хасан Баудунов өспүрүмдөр арасындагы Олимпиада оюндарынын коло медалын тагынды.