Орусиянын Пермь шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда кыргыз балбаны Олег Ким күмүш медалга ээ болду.
Олег Ким "D" категориясынын 100 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты. Бул салмак ченде жалпы 5 балбан катышып, айлампа иретинде беттешти. Олег Ким алгачкы беттеште германиялык Штеффен Рачвальскини утуп андан соң азербайжандык Хубиар Мырзамаммадлини жеңип алды. 3-беттешинде Олег Ким норвегиялык Мортен Ольсен менен кездешип, 6:5 эсебинде жеңишти илип кеткенге үлгүрдү. Чечүүчү беттеште Ким эстониялык Ап Успенски менен күч сынашты. Беттештин жүрүшүндө Олег Ким 8 упай алса, эстониялык балбан 10 упай алып жеңишке жетти. Муну менен Ап Успенски Дүйнө чемпиондугунун алтын медалын алса, Олег Ким күмүш медалдын ээси болду.
Айта кетсек. буга чейин кыргыз балбаны Исломидин Умурзаков 45 жашка чейинки категорияда коло медалды утуп алган.