Бүгүн, 9-октябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Мурдагы вице-премьер Тайырбек Сарпашевдин катышы бар делген кылмыш ишин Башкы прокуратура кайра өндүрүшкө алып, документтерди тергөө үчүн Каржы полициясына өткөрүп берди. Азырынча эч кимге айып коюла электиги айтылды. Соңку жылдары Тайырбек Сарпашевдин дарегине күмөн жараткан иштер боюнча айыптар айтылып, бирок күнөөсү тийиштүү органдар тарабынан тастыктала элек.
2010-жылкы революциядан соӊ өлкөдө Бакиевдердин мүлктөрүнө арест коюлган. 2017-жылы Жогорку Кеӊештин депутаттык комиссиясы Бишкекте Максим Бакиевге таандык 1,28 гектар жер 2014-жылы сот чечими менен аресттен алынып, 2016-жылы башка колго өтүп кеткенин аныктаган. Рыноктук баасы 200 миллион сом турган жер болгону 5 миллион сомго сатылып кеткен. Башкы прокуратура бул иште Тайырбек Сарпашевдин катышы бар деп эсептейт. Прокуратура Сарпашев Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеп турган маалда жерди аресттен чыгаруу үчүн Бишкек шаардык мамкаттоо башкармалыгына түз көрсөтмө берген дейт. Прокуратура 2017-жылы февралда Сарпашевди Мамкаттоо кызматынын төрагалыгынан бошотууну өкмөткө сунуштаган. Ал кездеги өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Сарпашевди дароо кызматтан алууну туура көрбөй, сунушту иликтөө үчүн мекемелер аралык комиссия түзөт. Бул үчүн Жээнбеков депутаттардан "күнөөлүүнү калкалап жатат" деген сындарды уккан. Көп өтпөй Сарпашев арыз жазып комиссиянын иликтөөсү бүткүчө убактылуу кызматтан кетти. Ал эми Жээнбеков түзгөн комиссиянын иши тергөөнүн жыйынтыгы чыккыча деп токтотулуп, ошол бойдон дайыны айтылбады. Сарпашев 2017-жылы июнда кызматтан бошотулду.
Прокуратура Бакиевдик жерди аресттен чыгаруу боюнча сот чечимине прокуратуранын каршы экенин Сарпашев билген, ага карабай жерди аресттен чыгарууга көрсөтмө берген десе, Сарпашев бул иште Мамкаттоо кызматынын күнөөсү жок, ал соттун чечимин гана аткарды деп келет. Расмий маалыматка таянсак, аталган жер тилкесинин аресттен алынып, сатылып кетиши боюнча 3 кылмыш иши ачылган. Бул ишке байланыштуу айрым судьялардын да жоопкерчилиги каралып жатат.
2017-жылы Сарпашев вице-премьер кезинде туулгандыгы тууралуу күбөлүккө керектүү бланктарды сатып алуу боюнча Мамкаттоо кызматына мыйзамсыз тапшырма берген деп да айыпталган. Прокуратуранын маалыматына таянсак, Мамлекеттик каттоо кызматы 2013-жылы аталган күбөлүктөрдү даярдоого керектүү бланктарды сатып алуу боюнча 8 миллион сомго тендер өткөрөт. Ага “Т.П” жана “У” деген компаниялар катышып, “Т.П” жеӊүүчү аталат. Бирок Сарпашев аталган бланктарды тендерде утулган компаниядан сатып алуу боюнча тапшырма берип, анын негизинде тендерде уткан компания утулган компаниядан 40 миӊ даана бланк сатып алууга келишим түзүүгө аргасыз болгон. 2015-жылы Мамкаттоо кызматында түзүлгөн комиссия бул бланктар жараксыз экенин аныктаган. Тагыраагы, бул бланкта “туулгандыгы тууралуу күбөлүк” деген жазуунун алдына “никелешүү тууралуу күбөлүк” деген майда жазуу кошулуп калган. Ата-энелер ошол жараксыз күбөлүктөрдү убактысын, акчасын коротуп алмаштырууга аргасыз болууда. Ал эми Сарпашев бул факт боюнча күнөөсүз экенин тергөөдө далилдегенин, иш кыскартылганын айтып жүрөт. Негизи Мамлекеттик каттоо кызматына тиешелүү чуулуу иштер көп. 2015-жылы ИИМ жетекчисинин ошол маалдагы орун басары Калыбек Сатыбалдиев өлкөдө мыйзамсыз берилген паспорттордун саны 40 миӊге жеткенин билдирген. Чиновник мыйзамсыз паспорт алуунун баасы 200 доллардан 1,5 миӊ долларга чейин чыгып жатканын, бул боюнча жыл сайын ондогон кылмыш иштери ачылып жатканын айткан эле. Ушул эле жылы УКМК “2014-жылы өлкөдө 7 миӊ жаранга мыйзамсыз паспорт берилген” деп жарыялаган. Эл аралык издөөдө жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жанынан Кыргыз паспортторунун табылып жатышы, 2016-жылы 98 Кытай жаранынын Түркияда Кыргыз паспорту менен кармалышы өӊдүү окуялар бул тармак канчалык коррупциялашып кеткенин көрсөтүп турат.
Адатта, токтогон иш жөн жерден кайрадан каралып баштабайт. Депутат Канатбек Исаевге 2008-жылы Токмоктун мэри кезиндеги иши үчүн 2010-жылдан кийин ачылып кайра токтотулган кылмыш иши 2016-жылы депутат бийликтин Конституцияны өзгөртүү аракетине каршы чыкканда кайра карала баштаган. 1 жыл мурун токтотулган иштин кайра карала башташы Сарпашев менен азыркы бийлик тил табыша албаганын көрсөтөт...
Депутат Кожобек Рыспаев парламенттеги КСДП фракциясынын катарынан чыгарылган жок. 37 депутаттын ичинен аны чыгарууга 26 депутат каршы болуп, 4 депутат колдоп, калганы так позициясын билдиришкен жок.
Быйыл августта КСДПнын саясий кеӊеши "партиянын максатына каршы иш-аракети үчүн" деп Рыспаевди партиядан чыгарганын жарыя кылган. Саясий кеңеш партиянын Жогорку Кеңештеги фракциясына депутат Рыспаевди фракциядан да чыгарууну, комитет төрагалыгынан кетирүүнү, депутаттык комиссиялардан, туруктуу делегациялардан чыгарып салууну сунуштаган. 26 депутаттын КСДП партиясынын талабына "жок" дегени, дагы 7 депутаттын ары же бери эмес позициясы дагы бир ирет Атамбаев мындан ары КСДП фракциясына таяна албай турганын көрсөттү. Азыркы тапта Рыспаев парламенттин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу комитетин жетектөөдө. Дал ушул эле комитетти ал Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында “Ар намыс” фракциясынын өкүлү катары жетектеген. Шайлоодо КСДП партиясы менен парламентке өткөн адам партиядан чыгарылды, бирок фракцияда ордун сактап калып өлкөнүн энергетика тармагын тескөөчү чоӊ комитетти жетектеп жатат. Депутат Ирина Карамушкина Рыспаевдин маселеси ачык же жашыруун добуш берүү аркылуу эмес, оозеки суроо аркылуу чечилиши - партиянын уставын бузуу дейт. Ал КСДП партиясын рейдерлик жол менен тартып алууга аракет жасалып жатат деген ойдо...