Азия оюндарында кыргызстандык спортчу Алексей Федосеев кикбоксинг боюнча чемпион болду
Уруш
искусстволору боюнча жабык имараттарда өтүүчү Азия оюндарында кыргызстандык
спортчу Алексей Федосеев кикбоксинг боюнча чемпион болду. Бул тууралуу
мелдештин расмий сайты жарыялады. Түштүк Кореянын Инчхоне шаарында өтүп жаткан
мелдеште 63,5 килограммдык салмактагылар арасындагы беттешүүдө Алексей
Федосеев түштүк кореялык Хюнву Юну 2:1 эсебинде
жеңип, алтын медалга ээ болгон.