Өспүрүмдөр арасындагы Олимпиада оюндары: Бүгүн дзюдочу Шахида Нармухамедова татамиге чыгат

Бүгүн, 9-октябрда Аргентинанын Буэнос-Айрес шаарында өспүрүмдөр арасындагы Олимпиада оюндарынын 3-мелдеш күнү орун алат. Анда 18 медалдар топтому ойнотулат.

Кыргыз өлкөсүнөн бүгүн дзюдо боюнча мелдешке Шахида Нармухамедова катышат. Ал 78 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, анын алгачкы атаандашы тайбэйлик Ли Линг Лю болот.

Дзюдо боюнча мелдеш Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө башталат.

Айта кетсек, өспүрүмдөр арасындагы Олимпиада оюндары 7-октябрда башталып, кыргыз спортчулар 2 медаль утуп алганга жетишти. Денис Петрашов брасс стилинде сууда сүзүү боюнча 100 метр аралыктагы жарышта 2-орунду ээлесе, Хасан Баудунов фехтование боюнча мелдеште коло медалга ээ болду. Олимпиада оюндарына Кыргыз өлкөсүнөн жалпы эсепте 13 спортчу барган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
elebes86
2018-10-09 11:56:00
Азаматсынар кыргыз кыздары. Ушинтип онуккуло, оскуло. Билим, спорт, искуство аркылуу дегендей.
0
Kairat1996
2018-10-09 12:01:50
Ийгилик. Озун дагы жакшынакай экенсин. Ушундай сулуу болуп ийгилике жете бер.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан