Баткен шаарында алгачкы жолу футбол боюнча Фергана өрөөнүнүн Кубогу башталды

Бүгүн, 9-октябрда Баткен шаарында алгачкы жолу футбол боюнча Фергана өрөөнүнүн Кубогу башталды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын маалымат катчысы Наталья Угрюмова маалымдады.

Аталган мелдеште 12 жашка чейинки өспүрүмдөр жана клубдар арасында беттештер өтөт. Анда өспүрүмдөр арасында Кыргыз өлкөсүнүн, Тажикстандын жана Өзбекстандын 4 командасы катышса, улуулар арасындагы мелдеште аталган мамлекеттердин Жогорку Лигасынын командалары жана Баткен шаарынын курамасы катышат.

Мелдеш 11-октябрга чейин Баткен шаарынын борбордук стадионунда өтөт.

Мелдешке катышып жаткан командалар:

  • 12 жашка чейинки өспүрүмдөр арасындагы мелдеш:
    • Тажикистан;
    • Өзбекстан;
    • Баткен курамасы;
    • Академия (Ош).
  • Клубдар арасындагы мелдеш:
    • Хужанд (Тажикстан);
    • "Алай (Ош);
    • Баткен курамасы;
    • "Нефтчи" (Өзбекстан).

9-октябрда орун ала турган:

  • Тажикстан (U-12) - Академия (U-12);
  • Баткен (U-12) - Өзбекстан (U-12);
  • Хужанд (Тажикстан) - Алай (Ош);
  • Баткен - Нефтчи (Өзбекстан).
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан