Хабиб Нурмагомедов UFC'нин жалпы рейтингинде 2-орунга көтөрүлдү

Мушкер Хабиб Нурмагомедов Конор Макгрегорду жеңип алган соң UFC уюмунун жалпы рейтингинде (Pound-for-Pound) 2-орунга көтөрүлдү.

Жеңил салмак чениндеги чемпиондук курдун ээси Хабиб Нурмагомедов рейтингде 6 тепкичке жогорулап 2-орунда жайгашты.

Бул рейтингдин сап башында оор жана жарым оор салмак чендеринин чемпиону Дэниел Кормье жайгашып жатса, 3-орунда Ти Жей Диллашоу ээлеп келе жатат.

Айта кетсек, буга чейин аталган рейтингдин 2-сабында ирландиялык мушкер Конор Макгрегор жайгашып келген. Эми ал 8-орунга түшүп калды.

UFC'нин жалпы рейтингинин алдыңкы 10 мушкери:

  • 1-орун: Дэниел Кормье;
  • 2-орун: Хабиб Нурмагомедов;
  • 3-орун: Ти Джей Диллашоу;
  • 4-орун: Макс Холлоуэй;
  • 5-орун: Жорж Сен-Пьер;
  • 6-орун: Тайрон Вудли;
  • 7-орун: Деметриус Жонсон;
  • 8-орун: Конор МакГрегор;
  • 9-10-орун: Стипе Миочич;
  • 9-10-орун: Генри Сехудо.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
rysik79
2018-10-09 15:26:55
Хабип UFCнин жалпы рейтинги менен башы оорубайт. Кормьенин да бачагын чыгарат Хаба.
+2
murat17
2018-10-09 18:44:20
rysik79,корьменин веси чон
+1
ALMAAAN
2018-10-09 15:50:00
Хаба эркек сага ишенгенмин баардыгы мен ойлогондой болду
+6
Nargiza1987k
2018-10-09 16:54:53
Азамат
0
-Sumitra-
2018-10-09 22:35:36
Бул оюнду мен да кордум.Ото жаман оюн экен.Адамдын олуму менен да аяктайт.Конор Хабиб UFC нин бардык мушкерлери эле дагы он жылдан кийин оорукчан болуп калышат.Бул жон гана бизнес!Алган жарааттары онойчулук менен сакайбайт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан