"Алай" футболдук клубу Фергана өрөөнүнүн Кубогунун алкагындагы тажикстандык команданы утуп алды

Оштун "Алай" футболдук клубу Фергана өрөөнүнүн Кубогунун алкагындагы алгачкы беттешинде тажикстандык команданы утуп алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын маалымат катчысы Наталья Угрюмова маалымдады.

Баткен шаарында өтүп жаткан мелдеште 12 жашка чейинки өспүрүмдөр жана клубдар арасында беттештер өтүүдө. Клубдар арасындагы мелдештин 1-турунда Оштун "Алай" командасы Тажикстандын Хужанд командасы менен кез келди.

1-таймдын жүрүшүндө командалар 2 голдон киргизип, 2:2 эсеби менен тыныгууга кетишти. 84-мүнөттө Акрам Умаров айырмаланганга жетишип, эсеп санын 3:2 кылды. Муну менен "Алай" клубу алгачкы беттешинде жеңишке жетти. Кийинки турда "Алай" Өзбекстандын "Нефтчи" футболдук клубу менен кездешет.

9-октябрда орун алып жаткан беттештер:

  • Тажикстан (U-12) - Академия (U-12) - 4:0;
  • Баткен (U-12) - Өзбекстан (U-12) - 0:1;
  • Хужанд (Тажикстан) - Алай (Ош) - 2:3.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
erjigit-e.15
2018-10-09 21:00:53
Азаматтар
-2
Ali-han
2018-10-09 22:11:59
Кыргызстанга эл аралык чоң стадион куруш керек! Чынгыз Айтматов атындагы стадион
-1
Frunze2
2018-10-09 23:00:44
Ali-han, озу азыркы стадиондорго эл толбойт. Оюнчулар дээрлик бош стадиондордо ойношот. Дагы чон стадион керек имиш...

Лшол футболчулар топ тепкенди уйронсун, топту алдырып коюп кубалап журо беришпей...

Кыргыз футболун корсон ыйлаарынды же кулоорунду билбейсин. Кыргыз футболун жоюп таштаса да болот.....
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан