Бир жыл мурун Жогорку Кеңештин депутаты болуп турган Аида Саляновага карата сот өкүмү чыккан. Ага ылайык, Салянова 5 жылга кесилген, бирок анын жаза өтөө мөөнөтү 11 жылдан кийин башталат. Экс-депутат эмне боюнча айыпталган? Соттор кандай ызы-чуулар менен коштолгон? Учурда Салянова эмне менен алек? Ушул жана башка суроолорго жоопторду төмөнкү материалда сунуштайбыз.
Башталышы...
2016-жылы 26-декабрда Башкы прокуратура мурдагы башкы прокурор Аида Саляновага карата кылмыш ишин козгогон. Салянова "2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турган учурда Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын мөөнөтүн узартып, кызматынан кыянаттык менен пайдаланган" деп айыпталган.
Салянова буга карата өз пикирин билдирип, кылмыш ишинин козголушу ошол кездеги бийликтин алсыздыгынан кабар берерин айтып чыккан. “Елисеевдин лицензиясынын мөөнөтүн узартуу Кылмыш-жаза кодексине эч кандай тиешеси жок. Өзүмдү коргоо боюнча мыйзамда кандай жолдор көрсөтүлсө, ошолорду колдоном”, - деген экс-депутат.
Кылмыштын козголушунун учугу УКМКда...
Жогорудагы кылмыш иши Аида Саляновага карата козголгонго чейин УКМКнын ошол кездеги төрагасы Абдил Сегизбаев Елисеевдин лицензиясынын жаңыртылганына байланыштуу жагдайларды УКМК иликтеп жатканын билдирген. Ошондой эле Сегизбаев Салянованын бул иште күнөөсү бар экенин Жогорку Кеңештин жыйынында айтып, тийиштүү материалдар топтолуп жатканын белгилеген.
Ошол эле мезгилде Алексей Елисеев анын адвокаттык лицензиясына байланыштуу окуялар боюнча жергиликтүү басылмалардын бирине оюн билдирип, 2010-жылы адвокаттык лицензиясынын узартылышы мыйзамдуу болгонун айтып берген.
Соттук иштердин башталышы
Мыйзамдуу жолдор менен күрөшөм деген Салянованын иши сотко өтүп, 2017-жылдын 29-майында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту анын ишин карай баштаган. Алгачкы соттук отурумда эле Салянованын жактоочусу Чынара Жакыпбекова кылмыш иши 2010-жылы Салянова юстиция министри болуп турган учурга байланыштуу, ал имарат Ленин районунун аймагында жайгашкандыктан ишти Ленин райондук соту карашы керек деген өтүнүч келтирген. Биринчи Май райондук сотунун судьясы бул өтүнүчтү четке каккан эмес, жыйынтыгында ишти Ленин райондук соту карай турган болгон.
Ортодо он күндөй аралык өткөндөн кийин сот иши Ленин райондук сотунда башталган. 2017-жылдын 9-июнунда болгон сот ишинин жүрүшүндө Аида Салянова Алексей Елисеевдин жактоочулук лицензиясынын мөөнөтүн узартпай койгондо анда мыйзам бузуу болмок экенин айтып чыккан.
“Мыйзамга ылайык, Елисеевдин лицензиясынын мөөнөтүн узартууда эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес. Тескерисинче, эгер биз ошол учурда Елисеевдин жактоочулук лицензиясынын мөөнөтүн узартпай койгон болсок анда мыйзам бузулмак”, - деген Салянова.
Дээрлик 5 айга созулган соттук процесстен кийин 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту Аида Салянованын үй-мүлкүн мамлекеттин пайдасына чегерүү менен 5 жылга эркинен ажыратууга өкүм чыгарган. Соттун чечимине ылайык, ал өз жазасын 2015-жылы төрөлгөн кызы 14 жашка толгондон кийин өтөп баштайт. Салянова жана анын жактоочулары бул чечимге каршы экенин айтып, жогорку инстанциядагы сотторго даттанарын билдиришкен.
Депутаттык мандат...
Ленин райондук сотунун чечимине каршылыгын билдирип, Бишкек шаардык сотуна кайрылган Аида Салянованын иши анын пайдасына чечилген эмес. 2018-жылдын 7-февралында Бишкек шаардык соту Ленин райондук сотунун чечимин толугу менен күчүндө калтырган.
Мындан улам Салянова Жогорку Сотко даттанган. Шаардык соттун чечимине нааразы болгон Салянова: "Булардын негизги максаты мени депутаттык мандаттан ажыратуу болчу. Мен үчүн мандат өзгөчө макам эмес”, - деген пикирин билдирген.
Эки жылдан ашык депутаттык милдетти аркалап келген Салянованын депутаттык төш белгини тапшыруучу сааты келген. Ушул жылдын 21-февралында Аида Салянова Жогорку Кеңештин трибунасында депутаттык акыркы сөзүн сүйлөгөн.
"Биздин Баш мыйзамыбызда Кыргыз мамлекети укуктук, демократиялык мамлекет деп жазылган. Көз карандысыз сот болбосо, бул жөн гана кыял катары кала берет. Сот реформасы канча алдыга жылса, мамлекет ошончо өнүгөт. Бул коррупциялашкан, өз позициясы жок соттор менен өлкөнүн келечеги жок. Биринчиден, мыйзам, экинчиден, күбөлөрдүн бардыгы мен тарапта болгонуна карабай сот укуктук эмес, саясий, адилетсиз чечим чыгарды. Саясат менен мыйзамдын ортосунда тандоо болуп жатса, сот сөзсүз түрдө мыйзамды тандашы керек. Ал андай чечимден коркпош керек. Бүгүнкү күндө сот системи түп тамыры менен чиригени көрүнүп калды”, - деген Салянова.
Шаардык соттун чечиминен кийин 2018-жылдын 3-мартында Борбордук шайлоо комиссиясы Аида Салянованы депутаттык мандатынан ажыраткан. Мыйзамга ылайык, анын мандаты тизме боюнча кийинки турган Гүлнара-Клара Саматка тапшырылган.
Акыркы инстанция
Жогорку Сот Аида Салянованын ишин 2018-жылдын 22-майында карап, ага карата райондук жана шаардык соттордун чечимдерин күчүндө калтырган. Салянова бул чечимге каршы экенин билдирип, өлкөдөгү сот системин сынга алган.
"Биз президент өзү көңүл буруп ушул тармакта маселелер боюнча айтканда бул жолу акыйкат чечим чыгат го деп ойлогонбуз. Бирок бул жолу да акыйкатсыз чечим чыкты. Бул абалдан улам сот системиндеги акыйкаттык боюнча президенттин сөздөрү сөз боюнча калды же соттор президентти тоготпой жатат деген ойго келдим. Ошондой эле биз актоо чечими чыгышы үчүн бардык мыйзамдуу кадамдарга барабыз. Алардын бири жаңы жагдайлардын ачылышы болот", - деген экс-депутат.
Бирок андан бери Салянова жана анын адвокаттары жаңы жагдайлар боюнча сотко же прокуратурага кайрыла элек.
Жогоруда белгилегендей, Аида Салянова жазасын 2015-жылы төрөлгөн наристеси 14 жашка толгондо, 2029-жылдан тарта өтөй баштамакчы. Учурда ал элге акысыз юридикалык кеңеш берүү боюнча социалдык долбоордун үстүндө иштеп жатат.