Кыргыз дзюдочусу Шахида Нармухамедова Аргентинанын Буэнос-Айрес шаарында өтүп жаткан өспүрүмдөр арасындагы Олимпиада оюндарында медалдарга илинбей калды.
Дзюдо боюнча мелдеште спортчулар 2 салмак ченинде күрөштү. Шахида Нармухамедова 78 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, алгачкы беттешин 1/16 финалдан баштады. Кыргыз дзюдочусу алгачкы беттеште тайбэйлик Ли Линг Лю менен кездешти. Беттештин 1-мүнөтүндө тайбэйлик дзюдочу Шахида Нармухамедовага ыкма колдонуп, таза жеңиш менен утуп алды.
Айта кетсек, өспүрүмдөр арасындагы Олимпиада оюндары 7-октябрда башталып, кыргыз спортчулар 2 медаль утуп алганга жетишти. Денис Петрашов брасс стилинде сууда сүзүү боюнча 100 метр аралыктагы жарышта 2-орунду ээлесе, Хасан Баудунов фехтование боюнча мелдеште коло медалга ээ болду. Олимпиада оюндарына Кыргыз өлкөсүнөн жалпы эсепте 13 спортчу барган.