Бишкекте 5-октябрь күнү 2 жерде милиция кызматкерлеринин катышуусунда ок атуу болгон. Бул маалыматты жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, 5-октябрь күнү криминалдык милициянын 100 жылдыгы белгиленген. Милиция кызматкерлери катышкан 2 ок атуу катталган.
Ал эми Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бул маалыматты төгүндөп бир гана ок атуу фактысы катталганын билдирди.
"Чыгыш-5 кичи районунда жайгашкан эс алуучу жайлардын биринин алдында мас абалындагы милиция кызматкери асманга ок чыгарган делген маалымат чындыкка туура келбейт. Ал күнү бир гана ок атуу фактысы Орозбеков көчөсүндө катталган аталган иш боюнча иликтөө жүрүп жатат - дейт маалымат кызматы.
Айта кетсек, ошол эле күнү Бишкек шаарынын Орозбеков көчөсүндө жайгашкан эс алуучу жайлардын биринин астында милиция кызматкери ок чыгарганы белгилүү болгон.