Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын оюнчусу Виталий Люкс алган жаракатынан улам Малайзияга каршы жолдоштук беттешке катышпайт

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын оюнчусу Виталий Люкс Малайзияга каршы жолдоштук беттеште катышпайт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, германиялык "Ульм 1846" футболдук клубунда ойноп жаткан Виталий Люкс жаракат алып калды.

Айта кетсек, Кыргыз улуттук курама командасы менен Малайзия курамасынын жолдоштук беттеши 16-октябрда Малакка шаарындагы "Хангтуа" стадионунда өтөт. Азыркы тапта Кыргыз курамасы Малакка шаарында окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө. Муну менен Кыргыз улуттук курама командасында Малайзияга каршы беттеште 3 оюнчу жаракат алып катышпайт. Алар коргоочу Азамат Байматов, жарым коргоочу Виктор Майер жана чабуулчу Виталий Люкс.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
zevs
2018-10-10 19:54:02
Anda kelebergile kiyin oy oybiz dep.
0
take.kg86
2018-10-10 23:11:52
Эх жаман болуптур жакшы оюунчулар жаракат алып калганы. Мейли эми калганына да ийгилик Ак Шумкарлар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан