Акылбек Жапаров "Коопсуз шаар" долбоору боюнча Каржы министрлигин сотко берүүнү сунуштады

"Сиздер "Коопсуз шаар" долбоору боюнча кимди сотко берип жатасыңар?" деген суроо менен бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акылбек Жапаров мамлекеттик сатып алуулар департаментинин башчысына жана Каржы министринин орун басарына кайрылды.

Депутат көз карандысыз комиссияны сотко берүү туура эмес деди.

“Көз карандысыз комиссияны компьютер тандайт. Силер ошондо компьютерди сотко берип жатасыңарбы? Мен түшүнбөй жатам. Силерге жакпаган чечим чыгарып койсо эле сотко арыз жаза бересиңерби? Силерге бир дагы киши көз карандысыз эксперт болбойт. Ошон үчүн Каржы министрлигин сотко беришиңер керек. Көз карандысыз эксперттерди колдоо керек”, - деди эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан