Кыргыздан чыккан мушкер Валентина Шевченконун UFC'деги чемпиондук кур үчүн беттеши кайрадан жылып, эми 8-декабрда Йоанна Енжейчик менен беттешет. Бул тууралуу UFC'нин сайтында жарыяланды.
Маалым болгондой, буга чейин эле Валентина Шевченконун Йоанна Енжейчик менен беттеши уюштурулган. Бирок UFC чемпиондук кур үчүн беттешти 3-ноябрга жылдырып Валентина Шевченконун атаандашы Сиджара Юбэнкс экенин билдирген. UFC уюмунун президенти Дана Уайттын айтымында, бул убакытка Йоанна Енжейчик беттешке толугу менен даяр болууга жетишмек эмес.
Мындан улам күйөрмандар Сиджара Юбэнкс UFC'де аз беттеш өткөрүп, 5 беттештин экөөнү уттуруп койгонуна нааразычылык билдирип, уюмду катуу сынга алышкан.
UFC кайрадан 57 килограммга чейинки салмакта чемпиондук кур үчүн 8-декабрга жылдырды.