5-июль күнү саат 14:00 чамасында Ысык-Көл облусунун Тон районундагы Жер-Үй айылында катуу шамал катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Алдын ала алынган маалымат боюнча шамал 10 турак үйдүн чатырын учурган. Азыркы учурда райондук жарандык коргоо комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүүдө.