Бүгүн, 10-октябрда Аргентинанын Буэнос-Айрес шаарында өспүрүмдөр арасындагы Олимпиада оюндарынын 4-мелдеш күнү орун алат. Анда спорттун 22 түрүнөн мелдештер өтүп, 18 медалдар топтому ойнотулат.
Бул күнү кыргыз спортчулар сууда сүзүү, фехтование жана стритбол боюнча мелдештерге катышат. Сууда сүзүү боюнча Денис Петрашов брасс стилинде 200 метр аралыктагы жарышка катышса, Хасан Баудунов фехтование боюнча континеттер арасындагы мелдешке катышат. Ал эми стритбол боюнча мелдеште Кыргыз курама командасы Казакстан жана Италия курамалары менен кездешет.
Өспүрүмдөр арасындагы Олимпиада оюндарына Кыргыз өлкөсүнөн 13 спортчу катышууда. Алар азыркы тапта 2 медаль утуп алышты. Денис Петрашов брасс стилинде сууда сүзүү боюнча 100 метр аралыктагы жарышта 2-орунду ээлесе, Хасан Баудунов фехтование боюнча мелдеште коло медалга ээ болду.
Кыргыз спортчулар катыша турган мелдештердин жүгүртмөсү:
18:30. Стритбол: Кыргыз өлкөсү - Казакстан;
19:00. Сууда сүзүү: Денис Петрашов;
19:30. Фехтование: Хасан Баудунов;
22:00. Стритбол: Кыргыз өлкөсү - Италия.