6-июль күнү саат 11:14 чамасында Чүй облусунун Сокулук районундагы Манас айылындагы барак тибиндеги 4 батирлүү турак үйдөн өрт чыккан. ӨКМнын басма сөз кызматы билдиргендей, өрттүн кесепетинен турак үйдүн 300 чарчы метр чатыры жана бир катар тиричилик буюмдары күйүп кетти. Тилсиз жоо саат 13:04 чамасында чектелип, саат 14:09да толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жана каза болгондор катталган жок. Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.