Чүйдүн Беловодск айылындагы Жаңы жыл түнүндөгү каргаша. 6 кылмышкердин экөө өмүр бою эркинен ажыратылды

Чүй облусунун Москва районундагы үйлөрдүн бирине уурулукка кирип, үй ээсин жарадар кылып, андан соң анын аялын, кайненесин атып өлтүрүп, 100 миң сом акча, алтын-күмүштөн жасалган зер буюмдарын уурдап кетишкен шектүүлөргө сот өкүм чыгарды. Мындай маалыматты Чүй облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, Москва райондук соту айыпталуучулардын ичинен экөөнү өмүр бою эркинен ажыратса, калгандары 25, 17 жана 16 жылга камакка алынып, алардын ичинен бирөө кылмышты жашырганы үчүн 2 жылга шарттуу кесилди.

Басма сөз кызматкеринин билдиришинче, чечим 17-августта чыгарылган. Алар жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөшүүдө.

Эске салсак, Чүй облусунун Беловодское айылында 31-декабрдан 1-январга караган түнү белгисиз адамдар Москва районундагы үйлөрдүн бирине кирип, 45 жаштагы үй ээси П.В.ны, анын аялын жана кайненесин мылтык менен атып, үйдөн 100 миң сом акча, алтын зер буюмдарды алып кетишкен. Окуя болгон жерде үй ээсинин аялы жана кайненеси жан берген. Ал эми П.В. оор абалда ооруканага жеткирилген. Ошол учурда үйдө 2 айлык наристе да болгон. Коңшусунун айтымында, кылмышкерлер наристеге мылтык такап, үй ээсинен акча талап кылышкан.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, ыкчам изилдөө иштери жүргөн. Эки адамдын өмүрүн алган кылмышка шектүү катары Аламүдүн районунун 6 тургуну кармалган. Шектүүлөрдүн ичинен бири таэквондо боюнча өспүрүмдөр арасында Дүйнө чемпиону экени белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан