Өткөн суткада Кыргызстанда 12 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкекте 1, Чүй облусунда 5, Талас облусунда 1, Ош облусунда 4, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы орун алган. Кырсыктын айынан адам өмүрүнө зыян келтирилген учур болгон жок.