Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда мас абалда келип, 6 адамды бычактаган адамга карата райондук сот чечим чыгарган. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Базар-Коргон райондук соту өкүмдү 28-июлда чыгарган. Анда айыпталуучу Б.М. Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен айыпталып, сот аны өмүр бою эркинен ажыратып, жазасын күчөтүлгөн абакта өтөй турган болгон.
"Соттолуучунун жактоочусу чыккан өкүмгө макул болбой, Жалал-Абад облустук сотуна апелляциялык арыз менен кайрылып, учурда бул иш облустук сотто каралууда", - деди маалымат катчы.
Эскерте кетсек, окуя 21-февраль күнү саат 21:30 чамасында Сейдикум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылында болгон. Анда үйгө мас абалында кирип барган 34 жаштагы Б.М. аттуу адам мурдагы аялы 25 жаштагы Ж.кызы.Гны жана анын ата-энесин, 6 жашар инисин бычактап, кийин жардамга келген эки кошунасына да бычак сайган. Андан соң кылмышкер из жашырып качып кетип, эртеси эртең менен кармалган. Окуя болгон үйгө коңшу жашаган 1983-жылы туулган Б.Т. бычактан алган жаракатынан улам каза болгон. Ал эми 5 адам ооруканага жеткирилген.
.