Өспүрүмдөр арасындагы Олимпиада оюндары: Стритбол боюнча Кыргыз курамасы Италия жана Казакстанга жеңилип калды

Аргентинанын Буэнос-Айрес шаарында өтүп жаткан өспүрүмдөр арасындагы Олимпиада оюндарында стритбол боюнча Кыргыз курама командасы алгачкы беттештеринде эле утулуп калды.

Өспүрүмдөр арасындагы Олимпиада оюндарында стритбол боюнча Кыргыз курама командасы "D" тайпасына туш келген. Анда кыргыз спортчулары алгачкы беттеште Казакстан курамасы менен кез келип, 13:21 эсеби менен жеңилип калды. 2-беттешинде кыргыз спортчулар Италияга каршы ойноп, беттештин соңунда 6:21 эсеп саны менен Италия курама командасы жеңишке жетти.

Кийинки беттештерди Кыргыз курама командасы 14-октябрда өткөрөт. Анда кыргыз спортчулары Бельгия жана Латвия курама командалары менен беттешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан