Бишкектеги кафелердин биринин официантын жана күзөтчүсүн сабоого шектелгендердин бири кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүүлөрдүн бири 51 жаштагы М.М. аттуу Чүй облусунун тургуну кармалды. Ал буга чейин эки жолу сот жообуна тартылган. Учурда официант менен күзөтчүнү ур-токмокко алган дагы 2 адам изделип жатат", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 6-октябрь күнү кафенин кызматкерлерин 3 адам сабаган видео социалдык тармактарда тарап кеткен. Кийин жабырлануучулар борбордогу ооруканалардын бирине жаткырылгандыгы белгилүү болгон.