Базар-Коргондогу автобекетте айылдашына бычак сайган 24 жаштагы адам 20 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда SUPER.KG порталына Базар-Коргон райондук сотунун төрагасы Сулайман Эргешов маалымдады.
"Базар-Коргон райондук соту 24 жаштагы айыпталуучунун күнөөсү толугу менен далилденгенин эске алуу менен аны 20 жылга эркинен ажыратты. Соттун өкүмүнө ылайык, ал жазасын күчөтүлгөн режимдеги колонияда өтөп, мүлкү конфискацияланат", - дейт Эргешов.
Эске салсак, 7-майда окуянын күбөсү "Базар-Коргондо маршруттук таксиден чыр чыгып, жүргүнчүлөрдүн бири далысына сайылган бычактан улам каза болду" деп кабарлаган. Кийин Жалал-Абад ОИИБинен кылмышка шектүү кармалганын, ал маркум менен айылдаш экенин билдиришкен.