Армрестлинг боюнча Дүйнө чемпиондугуна Кыргыз өлкөсүнөн 28 спортчу катышат (тизме)

Кыргыз спортчулары Түркияда өтүүчү армрестлинг (кол күрөш) боюнча Дүйнө чемпиондугунда катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Аталган мелдеш Түркиянын Анталия шаарында 12-21-октябрь аралыгында өтүп, ага Кыргыз өлкөсүнөн 28 спортчу жана 3 машыктыруучу барат. Мелдеш жаштар, улуу муун жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында өтөт.

Кыргыз курама командасынын тизмеси:

18 жашка чейинки категория:

  • 50 килограмм салмак ченинде: Өткүр Асхат уулу;
  • 45 килограмм салмак ченинде: Шахзода Юнусова;

21 жашка чейинки категория:

  • 55 килограмм салмак ченинде: Мухаммед Юсупов;
  • 60 килограмм салмак ченинде: Шахман Сулейманов;
  • 65 килограмм салмак ченинде: Вадим Вавилов.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында:

  • 80 килограмм салмак ченинде: Толкунбек Исаков;
  • 55 килограмм салмак ченинде: Александр Прокопов, Канат Абдыжапаров, Жаныбек Абдыкадыров;
  • 60 килограмм салмак ченинде: Нурбек Алиев;
  • 75 килограмм салмак ченинде: Каныбек Базарбаев;
  • 80 килограмм салмак ченинде: Мурзакул Исабеков.

Улуу муун арасында:

  • 60 килограмм салмак ченинде: Елена Тараторина;
  • 65 килограмм салмак ченинде: Чынгыз Мамакеев;
  • 70 килограмм салмак ченинде: Билим Карачалов;
  • 75 килограмм салмак ченинде: Ольга Ярославцева, Марат Раматов;
  • 80 килограмм салмак ченинде: Замир Иманалиев, Арслан Давлетов;
  • 85 килограмм салмак ченинде: Никита Баснин;
  • 90 килограмм салмак ченинде: Александр Ли, Султанбек Бегалиев, Сергей Чиналиев, Анатолий Сахаров;
  • 100 килограмм салмак ченинде: Алексей Батищев, Нурзатжан Назармухамедов, Геннадий Старостенко, Жээнбек Мукамбетов.

Машыктыруучулар: Съездбек Абдылдаев, Каныбек Эсенгелдиев, Олег Алчинов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан