Аргентинанын Буэнос-Айрес шаарында өспүрүмдөр арасындагы Олимпиада оюндарында кыргыз дзюдочу Султан Жеңишбеков коло медалды утуп алды.
Султан Жеңишбеков командалар арасындагы мелдешке катышып, "Рио-де-Жанейро" командасына Косово, Түркмөнстан, Алжир, Тажикстан жана Словениянын спортчулары менен бирге кирди. Мелдештин жүрүшүндө Жеңишбековдун командасы жарым чейрек финалда Сидней командасын 4:3 эсебинде утуп, чейрек финалда Атланта командасы 5:4 эсеби менен утту. Жарым финалда Султан Жеңишбековдун командасы, тилекке каршы, Афина командасына утулуп финалга өтө албай калды. Бирок бул жыйынтык менен Султан Жеңишбеков жана анын командасы коло медалдарды тагынды.
Муну менен Султан Жеңишбеков Кыргыз капчыгына 4-медалды алып келди. Буга чейин сууда сүзүү боюнча мелдеште Денис Петрашов күмүш медаль тагынса, фехтование боюнча мелдеште Хасан Баудунов 1 коло жана 1 күмүш медаль тагынган.