Армениянын премьер-министри Никол Пашинян кызматтан кетет. Бул тууралуу саясатчы акыркы маектеринин биринде айтып өткөнүн чет элдик басылмалар жазышууда.
Пашиняндын билдирүүсүнө ылайык, ал 5 күндүн ичинде кызматтан кетет.
"Парламенттик шайлоо 2018-жылдын 9-10-декабрында болот. Буга байланыштуу мен 16-октябрга чейин кызматтан кетишим керек", - деп билдирген Пашинян.
Айта кетсек, Арменияда өткөн "баркыт революциясынын" башында турган Пашинян кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүү керек экендигин айтып чыккан. Бирок аталган демилгеге мурдагы өлкө башчысы Серж Саргсяндын "Армениянын республикалык партиясы" каршы экенин билдирген.