Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы жергиликтүү тургундун үйүнөн 6 кап кара куурай табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 48 жаштагы тургундун үйүн тинтүүгө алган учурда кочкул жашыл түстөгү, жыты бар зат салынган 6 кап табылган. Натыйжада ал кара куурай экендиги аныкталган.
"Баңгизаттын ээси кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Аталган факт боюнча Кылмыш жана Жаза кодексинин 247-беренеси (баңгизаттарды, психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, алуу, сактоо, ташуу) менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө жүрүп жатат", - деп билдиришти облустук милициядан.
Тинтүү атайын операциянын алкагында жүргөн жана ага соттун макулдугу болгон.