Чүй облусунун 18 жаштагы К.А. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылып, өз арызында 3 бейтааныш бала күч колдонуу менен зордуктаганын билдирген. Мындан кийин Бишкек ШИИБи Октябрь РИИБинин кызматкерлери менен биргеликте ыкчам иликтөө чараларын жүргүзүп, кылмышка шектүүлөрдү көп узатпай кармашты. Алар 23 жаштагы А.Д. жана 26 жаштагы Ш.С. аттуу Бишкек шаарынын тургундары. Учурда аталган факты боюнча тергөө иштери жүрүүдө.