Өспүрүмдөр арасындагы Олимпиада оюндары: Суучул Денис Петрашов финалга чыкты

Аргентинанын Буэнос-Айрес шаарында өспүрүмдөр арасындагы Олимпиада оюндары уланууда. Кыргыз өлкөсүнөн барган спортчулардын арасынан брасс стилинде 50 метр аралыкта сууда сүзүү боюнча спортчу Денис Петрашов финалга чыкты.

11-октябрь күнү Денис Петрашов брасс стилинде сууда сүзүү боюнча 50 метр аралыкта 28 спортчу менен жарышка түшүп, жарым финалга аттанган.

Жарым финалдын алкагындагы жарыштар Бишкек убактысы боюнча 03:50дө орун алды. Кыргыз суучулу Петрашов 28,62 секундада марага жетип келди. Бул убакыт спортчунун финалга чыгуусун шарттады. 50 метр аралыкка сүзүү боюнча жарыштын финалы 13-октябрда, Бишкек убактысы боюнча таңкы 04:00дө орун алмакчы.

Эске сала кетсек, сууда сүзүү боюнча мелдеште Денис Петрашов брасс стилинде 100 метр аралыктагы жарышка катышып, финалга чыккан. Финалда Петрашов 1 мүнөт 0,59 секунд жыйынтыгы менен 2-орунду ээлеп, күмүш медалга татыган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан