Футбол боюнча улуттук кураманын капитаны Азамат Байматов учурда Индонезиянын “Борнео” клубунда ойноп келүүдө. Футболчунун жаракатынан улам январь айында өтө турган Азия Кубогуна катыша албай калышы “Ак шумкар” үчүн чоң жоготуу болуп жаткан чагы.
“Индонезиянын чемпиондугунда ойноп жүрүп бутумду кокустан кайрып алдым. 13 жылдан бери футболдо жүрүп, биринчи жолу ушундай олуттуу жаракат алып отурам”, - дейт Азамат Байматов.
Жакында бойдокчулук менен коштошкону жаткан футболчунун маегин “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№832, 12-октябрь, 2018-жыл) окуй аласыз.