Маалыматта белгилүү болгондой, турак үйлөр менен катар учактарды тейлөөчү жана кондуруучу аянттар олуттуу зыян тартып, бош калган. Ошондой эле деңиз жээгиндеги жүк түшүрүүчү жана кеме токтоочу жай толугу менен талкаланган. Аскердик аба күчтөрүнүн базасы жабылды.
"Майкл" бороону АКШнын түштүк жээктерин шаршемби күнү каптаган. Бороондун күчү ал маалда Саффир-Симпсондун шкаласы боюнча, 4-категорияга жетип калган. Эң күчтүү категория аталган шкала менен ченегенде 5ке жетет. "Майкл" бороону күчтүү шамал жана бороон аралаш катуу жамгыр менен коштолуп, өлкөнүн түштүк-чыгыш аймагын суу каптоо жана кыйроолорго алып келген. Учурда бороон бир аз басаңдап, тропикалык шамалдын деңгээлине түштү, анткен менен бороон жалпы 7 адамдын өмүрүн алды.
Флорида штаты менен катар, Алабама, Жоржио штаттарына да өзгөчө кырдаал киргизилди. АКШнын түштүк-чыгышында 100дөй адам эвакуацияланган. CNN телеканалынын маалыматына караганда, табигый кырсыктын кесепетинен 1,1 миллион керектөөчү электр жарыгы жок калды.