Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов менен ирландиялык мушкер Конор Макгрегордун беттешинен кийин анын айланасындагы ызы-чуулар дагы да болсо басаңдай элек.
Буга чейин UFC Нурмагомедовдун командасындагы Зубайра Тухуговдун алдыдагы беттеши болбой тургандыгын билдирген. Ага Тухугов Макгрегорду чапкандыгы себеп болгондугу айтылган.
Бул боюнча Хабиб Нурмагомедов UFC уюмуна кайрылуу жолдоду. Мушкер өз сөзүндө уюм акыйкат чечим чыгарбагандыгын айтып, алардын калыстыктан тайганын билдирген.
"Эмне себептен силер Макгрегордун командасы автобуска чабуул жасап, бир нече кишини жарадар кылганда эч кандай чара көргөн эмессиңер? Алар бирөөнү өлтүрүп коюшу толук мүмкүн болчу. Эмне үчүн алар менин элимди, жеримди, үй-бүлөмдү, динимди шылдыңдап жатканда эч ким унчуккан жок.
Эмнеге силер менин командамдагы адамдарды гана жазалап жатасыңар? Ал жакта 2 команда тең мушташкан. Эгер силер мунун баарын мени баштады десеңер, жаңыласыңар. Мен алар баштаган нерсени аягына чыгардым. Эмнеси болсо дагы эгерде жазалагыңар келсе, мени жазалагыла, Тухуговдун буга тиешеси жок. Мени унчукпайт деп ойлосоңор, анда жаңыласыңар.
Зубайра Тухугов менен болгон келишимди буза турган болсоңор, менден да кол жууйсуңар. Бизде, Орусияда өзүбүздүн жакындарды эч качан таштабайбыз. Аны бошото турган болсоңор, мага дагы бузулган келишимди жибергенди унутпагыла же болбосо аны мен өзүм тытам.
Унута электе айта кетчү нерсе, ар шылтоону айтып бербей жаткан гонорарымды да өзүңөргө калтыргыла. Бирок байкагыла, тамагыңарга тыгылып калбасын. Биз өзүбүздүн намысыбызды коргодук, негизгиси ушул. Ал эми достор үчүн биз аягына чейин барабыз", - деп кайрылган Нурмагомедов.
Эскерте кетсек, АКШнын Лас-Вегас шаарында 7-октябрда өткөн беттеште Нурмагомедов Макгрегорду муунтуу жолу менен жеңишке жеткен. Бирок беттештен соң ал октагондун тосмосунан ашып түшүп Макгрегордун командасындагы Диллон Дэнисти сабаганга аракет кылган.