Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз өлкөсүнүн намысын коргой турчу балбан кыздар белгилүү болду. Бул тууралуу Күрөш федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Венгриянын Будапешт шаарында 20-октябрда күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу старт алат.
Кыз-келиндер арасындагы күрөштө жалпы 10 медалдар топтому ойнотулат. Кыргыз өлкөсүнүн намысын 2 балбан кыз коргойт. Алар Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова. Эки балбан тең 2017-жылы Парижде өткөн Дүйнө чемпиондугуна катышып, 10-13-орунду ээлешкен.
Кыз-келиндер арасындагы күрөш 22-25-октябрь аралыгында өтөт. Кыргыз өлкөсүнүн курамы:
68 килограммга чейинки салмак ченинде - Мээрим Жуманазарова;
76 килограммга чейинки салмак ченинде - Айпери Медет кызы;
Башкы машыктыруучу - Нурбек Изабеков;
Калыс - Мейрамбек Ахметов.