Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу: Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз курамасы белгилүү болду

Венгрияда өтө турчу күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугуна грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз өлкөсүнүн атынан бара турчу спортчулардын тизмеси белгилүү болду. Бул тууралуу Күрөш федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, грек-рим күрөшү боюнча турнирде 10 медалдар топтому ойнотулат. Турнир 25-28-октябрда өтөт.

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз өлкөсүнүн курамы:

55 килограммга чейинки салмак ченинде - Жоламан Шаршенбеков;

60 килограммга чейинки салмак ченинде - Калы Сулайманов;

63 килограммга чейинки салмак ченинде - Урмат Аматов;

67 килограммга чейинки салмак ченинде - Амантур Исмаилов;

77 килограммга чейинки салмак ченинде - Кайрат Туголбаев;

82 килограммга чейинки салмак ченинде - Атабек Азисбеков;

97 килограммга чейинки салмак ченинде - Бекболсун Махмудов;

Башкы машыктыруучу - Азат Эркимбаев;

Машыктыруучу - Улугбек Карачолоков;

Калыс - Мэйрамбек Ахметов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
rysik79
2018-10-12 16:21:27
Акжол махмудов жокко?
+1
zevs
2018-10-12 17:50:16
Kichine es alsynda akjol kowton chygyp malaga maladan chygyp kowko salaberbey.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан