Чак түштө Бишкекте эки унаа сүзүшө кетти (кырсык болгон жерден сүрөт)

Бүгүн, 12-октябрь күнү Бишкектин Орозбеков жана Күрөңкеев көчөлөрүнүн кесилишинде Киа Мажентис үлгүсүндөгү унаа менен жол тандабас Тойота Ленд Крузер сүзүшө кетти. Жол кырсыгы саат 13:35 чамаларында катталды. Тойота Ленд Крузер унаасын аял киши башкарып бараткан. Ал Орозбеков көчөсү менен ылдый тарапка бараткан болсо, Киа унаасынын айдоочусу Күрөңкеев көчөсүнөн Орозбеков көчөсүнө чыгууга камынып жаткан.

Кианын айдоочусунун айтымында, Тойота Ленд Крузердин айдоочусу Күрөңкеев көчөсүнө жетерге жакын оңго бурулчу белгини жандырып келе жаткан. "Анын бурула турган белгисин көрүп, унааны ордунан жылдырганымда ал түз өтүп кетти. Жыйынтыгында сүзүшүп кеттик", - деди Кианын айдоочусу.

Ал эми Тойота Ленд Крузердин айдоочусу ага жол четине токтоого камынганын билдирди. Учурда кырсык катталган жерге Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери чакыртылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Azat.97
2018-10-12 14:48:49
Мындай кагылышуу кундо эле болот го бишкекте
+1
33SUUN
2018-10-12 15:02:20
Эжелердин 90 пайызы жолдо журуу эрежесин билишпейт, себеби окубай туруп праваны сатып алышат. Поворотникти кесилиш жолдон откондон кийин жандыруу керек болчу ошончолук токтогусу келсе. Же кесилиш жолго жетпей токто.
+3
barsbegKG
2018-10-12 15:33:57
Күнөө тойотанын айдоочусунда туурабы?
+2
Jigitchem
2018-10-12 19:21:09
Аялдарга велосипед эле тептирип коюш керек
0
Samar90
2018-10-12 19:53:07
Jigitchem,Аялдар озу пешком зорго журотко
0
nurhan2702
2018-10-13 16:07:57
Jigitchem,менин уч балам бата турган прицеби бар велосипед ойлоп чыгарышса ,унаа эмес велосипед тепмекмин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан