Ош облусунун Кара-Суу районунда жүгөрү талаасына жашынып кийин Ысык-Көлдөн колго түшүрүлгөн Жылдызбек Бекмурзаев 10дон ашуун кылмыш иштери боюнча шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов билдирди.
"Кылмышкерди издөө иштери алгач Кара-Суу районунда жүргүзүлгөн. Жүргүзүлгөн иш-аракеттердин алкагында ал Ысык-Көл аймагына чыгып кеткендиги тууралуу маалымат түштү. Ыкчам аракеттердин жүрүшүндө тиешелүү кызматтын кызматкерлери тарабынан кылмышкер Каракол шаарынан колго түшүрүлгөн. Ошол эле күнү ал Бишкек шаарына алып келинген. Учурда №1-СИЗОдо камакта отурат. Ал ондон ашуун кылмыш иштерине катыштыгы бар деп шектелүүдө, ошондой эле азыркы тапта ал уюштурган топтун дагы эки мүчөсү изделүүдө", - дейт Сейитов.
Эске салсак, 20-сентябрда саат 14:00 чамасында милицияга "издөөдө жүргөн Ж.Бекмурзаевди Кара-Суудагы кафелердин биринен көрдүк" деген билдирүү түшкөн. Аталган аймакка милиция кызматкерлери барганда издөөдө жүргөн кылмышкер автоматтан ок чыгарам деп коркутуп изин суутуп кеткен. 15 күндөн кийин ал Каракол шаарынан колго түшүрүлгөн. Кылмышкердин жанынан кутучаларга салынган 20 даана гашиш болгон.