“Өзүнүн инисин өлтүргөн” деп шектелип 34 жаштагы жаран кармалды

“Өзүнүн инисин өлтүргөн” деп шектелип 34 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди. 6-июлда болжол менен саат 01:21де Ленин РИИБине адам өлтүрүү болгондугу тууралуу билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери 27 жаштагы Я.Рнын жансыз денесин табышкан. Ыкчам жүргүзүлгөн аракеттердин натыйжасында изи сууй электе Я.Рны өлтүргөнгө шектүү 34 жаштагы Я.С. кармалган. Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, үй-бүлөлүк чырдан улам Я.С. инисин бычактап салган. Шектүү учурда убактылуу кармоочу жайга камалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан