Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугуна эркин күрөш боюнча Кыргыз өлкөсүнөн 3 спортчу катышат

Венгриянын Будапешт шаарында өтө турган Күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда эркин күрөш боюнча турнирде Кыргыз өлкөсүнөн 3 спортчу катышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Күрөш федерациясы билдирди.

Аталган мелдешке Кыргыз өлкөсүнөн Улукбек Жолдошбеков, Эламан Догдурбек уулу, Магомед Мусаев катышат.

Эламан Догдурбек уулу 2016-жылы өткөн Дүйнө чемпиондугунун коло медалын тагынган. Улукбек Жолдошбеков 2018-жылдын март айында Бишкек шаарында өткөн Азия чемпиондугунда коло медалды жеңип алган. Ал эми Магомед Мусаев Индонезияда өткөн Азия оюндарында күмүш байгеге ээ болгон.

Эркин күрөш боюнча турнир 20-23-октябрларда өтөт. Кыргыз курамасы:

61 килограммга чейинки салмак ченинде - Улукбек Жолдошбеков;

70 килограммга чейинки салмак ченинде - Эламан Догдурбек уулу;

97 килограммга чейинки салмак ченинде - Магомед Мусаев;

Машыктыруучу - Сүймөнкүл Табалды уулу;

Калыс - Мэйрамбек Ахметов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
erjigit-e.15
2018-10-12 23:08:07
Ийгилик балдар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан