Өспүрүмдөр арасындагы Олимпиада оюндары: Балбан Элмирбек Садыров күмүш медалга татыды

Кыргыз балбаны Элмирбек Садыров өспүрүмдөр арасындагы Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча мелдеште күмүш медаль тагынды.

Элмирбек Садыров грек-рим күрөшү боюнча мелдеште 60 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты. Ал алгачкы беттеште Жаңы Зеландиянын балбанын 9:0 эсебинде жеңип, 2-беттешинде мексикалык Мигель Анхель менен кездешип, аны 9:6 эсебинде утуп алды. Муну менен Садыров финалга чыгып, алтын байге үчүн грузиялык Георги Чхиквадзе менен күч сынашты. Беттештин жүрүшүндө грузиялык балбан 9 упай алып, 9:0 эсеби менен жеңүүчү болду. Алтын медалдын ээси Чхиквадзе болсо, күмүш медалды Элмирбек Садыров тагынды.

Муну менен кыргыз спортчуларында 5 медаль топтолду. Күмүш медалдардын ээси суучул Денис Петрашов, балбан Элмирбек Садыров, фехтование боюнча мелдеште Хасан Баудунов (командалык мелдеште) болсо, коло медалдарга Хасан Баудунов жана дзюдочу Султан Жеңишбеков (командалык мелдеште).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан