Бишкекте бокс боюнча улуулар арасындагы шаар биринчилиги өтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган мелдеш 18-21-октябрь аралыгында Бишкек шаарындагы "Челенжер" клубунда өтөт. Мелдеште спортчулар 8 салмак ченинде күч сынашат. Алар 52, 57, 63, 69, 75, 81, 91 килограммга чейинки жана 91 килограммдан жогорку салмак чендери.
Чемпиондуктун ачылышы 18-октябрда орун алса, 20-октябрда жарым финалдык беттештер жана 21-октябрда финал орун алат.