Бүгүн, 14-октябрда Бишкек шаарында футбол боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары менен өкмөт өкүлдөрү беттешип жатат. Командалар дароо жарым финалдык беттеште ойноп башташты.
Маалыматка ылайык, мелдешке депутаттардан эки, өкмөттөн эки команда катышат.
Жогорку Кеңештин атанынан төрага Дастанбек Жумабеков, вице-спикер Мирлан Бакиров жана башка депутаттар беттешип жатат.
Ал эми өкмөттүн атынан вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, министрлик, мекеменин башчылары беттешүүдө.