Бүгүн, 14-октябрда Бишкек шаарында Жогорку Кеңештин депутаттары менен өкмөт өкүлдөрүнүн футбол боюнча жолдоштук оюндары орун алууда.
Мелдеште "Жогорку Кеңеш-1", "Жогорку Кеңеш-2", "Өкмөт-1", "Өкмөт-2" командалары күч сынашты.
Командалар жарым финалдык баскычтан ойноп баштап, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкуловдун баштоосундагы "Өкмөт-1" командасы Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун "Жогорку Кеңеш-1" командасын 4-2 эсебинде жеңип алды. 2-жарым финалдык оюнда депутат Жыргалбек Турускуловдун "Жогорку Кеңеш-2" командасы ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун баштоосундагы "Өкмөт-2" командасын 3:1 эсебинде утуп алышты.
Муну менен 3-орун үчүн беттеште "Жогорку Кеңеш-1" менен "Өкмөт-2" командалары кездешсе, 1-орун үчүн "Жогорку Кеңеш-2" менен "Өкмөт-1" командалары кездешет.