Хабиб Нурмагомедов америкалык уюштуруучу Дежуане Блэйктин социалдык тармактагы баракчасы аркылуу америкалык мушкер Флойд Мейвезерди беттешке чакырды. Чакырык тартылган видео Блэйктин баракчасында жарыяланган.
Көпчүлүк тааныбаган, бирок Нурмагомедовдун чакырыгынан кийин талкууга түшкөн Блэйк Мейвезер менен жеке тааныш экенин көпчүлүк биле бербесе керек. Өз сөзүндө Нурмагомедов Флойд Мейвезерге экөө тең эч кимден утулуп көрбөгөнүн айткан.
"Флойд кел беттешели. Биз эч кимден утулуп көрбөгөн 2 жигитпиз. Жунгли токойлорунда бир эле хан бар, албетте, ал мен. Анткени мен Конорду жаткыра чаба алдым, а сен аны кыла алган эмессиң. Мен аны оңой эле уттум", - деп билдирген Нурмагомедов.
Аталган чакырыкка Мейвезер эч кандай жооп кайтара элек. Бирок көпчүлүк адистердин айтымында, аталган беттеш эч качан болбойт. Анткени Хабиб Нурмагомедов бокс рингине чыгып Мейвезерди ута албайт. Ошол себептүү ал мушкерге октагонго чыгууну сунуштайт. Ал эми Мейвезердин бул сунушту кабыл алышы күмөн жаратат.
Нурмагомедов - UFC'нин жеңил салмактагы учурдагы чемпиону. Мейвезер – бокс боюнча беш салмак категориясындагы дүйнөнүн экс-чемпиону. Ал карьерасында 50 беттеш өткөрүп бир дагы жеңилүү ызасын тарткан эмес.