Бишкекте өспүрүмдүн колундагы бычактан жаракат алган жарандын өзүнө да кылмыш иши козголду

Бишкекте өспүрүмдүн колундагы бычактан жаракат алган 32 жаштагы жарандын өзүнө да кылмыш иши козголду. Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан 15-октябрда кабарлашкандай, ал өзү да өспүрүмдүн денесине зыян келтирген.

Буга чейин милицияга 1986-жылы туулган Никита Наабер аттуу жаран арыз менен кайрылып, 12-август күнү Тоголок Молдо көчөсүндөгү үйүнүн жанынан бейтааныш балдар сабап, колуна бычак сайып кеткенин билдирген. Шектүү катары 15 жаштагы өспүрүм кармалып, ага "бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

"14-август күнү Ш.Асылбаева аттуу жаран милицияга кайрылып, 12-август күнү болжол менен саат 21:00 чамасында Никита аттуу жаран жашы жете элек баласын сабап салганын билдирген. Бул факты боюнча Биринчи Май райондук милицияга катталып, бала соттук-медициналык экспертизадан өткөн. Денесинен анча оор эмес жаракат алганы аныкталган. 1-октябрь күнү Никита Нааберге "бейбаштык" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деп кабарлашты шаардык милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан