Ош-Бишкек жолунда айдоочу өзүнүн жүк ташыган Мерседес-Спринтер унаасынын алдында калып каза болду. Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынын жетекчиси Мыктыбек Турдубековдун айтымында, кырсык 14-октябрь күнү унаа жолдун Ала-Бел ашуусунда болгон.
Маалым болгондой, айдоочу жолду туман каптап калган учурда унаасы бузулуп калган айдоочуга жардам берүү үчүн токтоп, өз унаасынын дөңгөлөгүнө таш коюуга аракет кылып жатканда унаасы жылып кеткен.
"Жол тайгак болуп унаасы 30 метрдей артка сүрүлүп кеткен. Айдоочу Токтогул райондук ооруканасына жеткирилип, бирок алган жаракатынан улам каза болуп калды", - деди Турдубеков.