Эртең футбол боюнча Малайзия менен Кыргыз курама командаларынын жолдоштук беттеши орун алат

Эртең, 16-октябрда футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Малайзияга каршы жолдоштук беттеш өткөрөт. Беттеш Малайзиянын Малакка шаарындагы "Ханг Жебат" стадионунда орун алат.

Бүгүн, 15-октябрда курама командалардын жана уюштуруу комитетинин чогулушу өттү. Чогулуштун жыйынтыгында Малайзия курамасы ак түстөгү футболкачан, Кыргыз курамасы кызыл түстөгү футболкачан ойной турганы тууралуу чечим чыкты. Кыргыз курамасынын дарбазачысы сары түстөгү форма менен ойносо, Малайзиянын дарбазачысы жашыл түстөгү формачан ойнойт.

Малайзия менен Кыргыз курама командаларынын жолдоштук беттеши Бишкек убактысы боюнча саат 18:45те башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Ulanbek1992
2018-10-15 14:47:00
Ийгилик силерге кызыл түстөгү футболкачандар)!
0
interpol
2018-10-15 15:34:35
КТР спорттон түз алып берүү болобү билгендер айтып койгула
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан