Жалал-Абадда 45 жаштагы жаран өзүнө-өзү мас абалда бычак сайып каза болду

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 45 жаштагы жаран мас абалында өзүнө-өзү бычак сайып каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 11-октябрда саат 04:30 чамасында катталган.

"45 жаштагы жаран ашканада турган аш бычак менен көкүрөгүнө бир нече жолу сайып, алган жаракаттарынан улам каза болгон. Маркумдун жакындары эч кимге доосу жок экенин айтып, арыз жазышкан эмес. Ошондой эле соттук-медициналык экспертизадан баш тартышкан", - деп билдирет облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aibars
2018-10-15 23:14:30
Кечиресиздер темадан тышкары. Ыссык Колдогу 9 жашар баланын каза болушун жонундо. Шаарга иштери менен 1 саатка чыгып кеткен кызды текшериш керек. Эмнеге дайындап кетпейт мен кетип жатам деп? Бир саатта эмне иш кылып келди ким билет? Анан бала 1 саат уйго кирбей ойноп журо бермек беле, же уну чыгып бар жогу билинмек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан