Бишкек шаарынын Байтик баатыр көчөсү менен Камск көчөлөрүнүн кесилишинде Тойота үлгүсүндөгү унаа бир адамды сүзүп, ал окуя болгон жерден көз жумду. Бул туурасында Бишкек шаарынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, кырсык 15-октябрда саат 21:00 чамасында болгон.
"Жөө жүргүнчү тыюу салынган жерден жолду кесип өтүп бара жаткан маалда унаа сүзүп кеткен. Ал окуя болгон жерден көз жумган. Айдоочу кырсык болгон жерден качкан эмес", - деп жазылат маалыматта.
Азыркы тапта бардык экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.